Эксперименталдык программанын студенттери клиникалык практикага жиберилди

2022-12-08 16:14:28 192

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде 2022-2023-окуу жылында "Медициналык айым иши" адистиги эксперименталдык программа боюнча студенттер кабыл алынган. Жаңы эксперименталдык программанын өзгөчөлүгү студенттердин окуу жүктөмүнун 50% клиникалык базаларда окуп, көндүмдөррдү калыптандырышат. Ар бир клиникалык насаатчыга 3-5 студент бекитилип берилет. 2022-жылдын 7-декабрь күнү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде Словения университетинин профессору, эксперт Бригита Скела Савичтин жана клиникалык насаатчылардын катышуусунда Медициналык айым ишинин негиздери боюнча реалдуу клиникалык шарттарда элементардык кесиптик ыкмаларга үйрөтүү боюнча гибриддик форматта конференция болуп өттү. Конференциянын аягында студенттерге ӨЭАМКнин окуу иштери боюнча орун басары Г.А.Сулайманова эксперменталдык программанын өзгөчөлүктөрү боюнча кошумча маалымат берип, студенттерге ийгилик каалады. Ал эми колледждин практика жетекчиси Н.Т.Арыкова техникалык коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрмө берди жана клиникалык насаатчылар менен иш алып баруу эрежелери менен тааныштырды.