Окуу-өндүрүштүк практиканы жыйынтыктоочу конференция

2023-01-22 22:50:43 105

2023-жылдын 11-январда "Медициналык айым иши" адистиги боюнча эксперименталдык программанын 1-курстун студенттеринин, ал эми 17-январда 2-3-курстагы "Акушердик иши", "Медициналык айым иши" жана "Фармация" адистиктеринин студенттеринин практикадан кийинки жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Конференцияда окуу-өндүрүштүк практиканын абалы жана практика учурунда жаралган көйгөйлөр талкууланып, студенттер өз ойлору менен бөлүштү. Дарылоо мекемелеринен катышкан практика насаатчылары өздөрүн сунуштарын беришти.