Жаштар Бизнес Паркы Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде

2022-10-12 11:58:05 266

2022-жылдын 8-октябрь күнү Жаштар Бизнес Паркы ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде маалыматтык семинар уюштурду. Окутуучулук курамга Жаштар Бизнес Паркы боюнча маалымат берди. "Жаштар ишкерчилигинин азыркы учурдагы абалы жана келечеги" аттуу темада ЖБПнын директору Эрлан Камалов кенен айтып өттү. Буга чейин аталган колледждин профессордук-окутуучулук курамы ЖБПда өткөрүлгөн тренингдерге катышып, билим алышкан. Ошол алган билимдин негизинде, студенттер бир нече проекттерди даярдап, презентация жасашты.