• Профессиональный комитет

Профессиональный комитет


      

           

ОшМУнун кесиптик бирлиги


       Бүгүнкү күндө кесиптик билим берүү жана илимий изилдөө ишмердигиндеги өзүнүн 85 жылдык тарыхы бар, Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги – административдик-башкаруу жана профессордук-окутуучулар курамынын кызматкерлери, окуу-көмөкчү персоналдар мүчөсү болушкан республикабыздагы эң ири коомдук уюмдардын бири. Кыргыз Республикасынын эмгек менен камсыз болуу жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышы боюнча коомдук көзөмөлдөөнү жүргүзүү кирет.
      Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги менен ректоратынын ортосунда кабыл алынган Жамааттык Келишимде көрсөтүлгөндөй, эмгек жамаатын укуктук жана социалдык жактан коргоо, эмгекти жана саламаттыкты коргоо кызматкерлердин эс алуусун уюштуруу, спортту колдоо ж.б. иш-чараларын иштеп чыгып сунуштайт жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт.
Кыргызстанда профсоюздар өз ишмердигин башкы мыйзамыбыз Конституцияда көрсөтүлгөн нормаларга, “Коомдук бирикмелер жөнүндөгү”, “Профсоюздар жөнүндөгү”, “Социалдык өнөктөштүк жөнүндөгү”, “Жамааттык келишимдер жөнүндөгү”, Эмгек Кодексине ж.б. мыйзамдарга, Өкмөттүк укуктук-нормативдик бир катар документтерге ылайык жүргүзүп келишүүдө. Кыргызстан профсоюздар федерациясы (КПФ) өлкөнүн баардык профсоюздук тармактарын (билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы, токой чарбасы, мамлекеттик мекемелер, транспорт, курулуш, соода ж.б.) өзүнө бириктирет. КПФ жана баардык тармактык профсоюздар өздөрүнүн уставдарын жетекчиликке алып иш алып барышат.


      Максаты: ОшМУнун кесиптик бирлиги тарабынан баштапкы профуюмдардын лидерлери үчүн окуу семинарлары, ошондой эле өз ишмердигин жакшыртуу боюнча иш-чаралар регулярдуу өткөрүлөт. Кесиптик бирлигинин жамаат мүчөлөрүнүн социалдык-укуктук кызыкчылыктарын, эмгекти коргоо, жумуш шарттарын жакшыртуу, илимий-педагогикалык чыгармачылыкты колдоо жана кызматкерлерди сыйлоо, эмгек акыны жогорулатуу жана эмгекти материалдык жактан стимулдаштыруу боюнча сунуштарды берет. Профсоюздун муктаж мүчөлөрүнө дайыма материалдык жардамдар көрсөтүлөт, маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлөт, майрамдык жана белгилүү даталар салтанаттуу белгиленет.