Антикоррупция

2025-жылдын 12-март күнү ОшМУнун коррупцияга каршы комиссиянын отуруму болду. Ага Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин коррупцияга каршы комиссиясынын төрайымы А.Тойгелди кызы катышты.




ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин струкра жетекчилеринин жана старосталардын “Коорупциялык элементтерди жоюда студенттердин ролу чоң” аталышында 2025-жылдын 11-февралл күнү өткөрүлгөн № 2/25 жыйындын протоколунун 2.3. “Кышкы сессиянын жыйынтыгы боюнча студенттерден анкетирлөө алынсын. Жооптуу – Тойгелди кызы А., обудсмен.” чечимине ылайык студенттерден онлайн анкетирлөө жүргүзүлдү. 2025-жыл 3-март күнү болгон Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин административдик кеңешинде анкетирлөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берилген.



2024-жыл 11-февралда ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде струкра жетекчилеринин жана старосталардын катышуусунда директор Ө.Т.Станбаедин төрагалыгы астында “Коорупциялык элементтерди жоюда студенттердин ролу чоң” аталышында жыйын болу. Жыйында студентердин сабакка катышуусу, сессиянын жыйынтыгы, отработка жобосу боюнча маселелер каралып, ӨЭАМКнин коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча кадамдык иш-чаралардын ДЕТАЛДАШТЫРЫЛГАН ПЛАНЫ студенттерге тааныштырылды. Жыйында студенттердин көйгөйлөрү, сунуштары угулду.






Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары-КР УКМКнын төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин болгон кеңешменин жыйынтыгы боюнча протоколдук тапшырманы аткаруу максатында, мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана жоюу, Ош мамлекеттик университетинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупциялык көрүнүштөргө шарттарды болтурбоо максатында кийинки иш-чаралардын комплексинин негизинде ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжиннин 2025-календардык жылга карата коррупциянын алдын алуу жана коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча кадамдык иш-чаралардын ДЕТАЛДАШТЫРЫЛГАН ПЛАНЫ иштелип чыгып, Тойгелди кызы Айчүрөк тааныштырды.
ДЕТАЛДАШТЫРЫЛГАН ПЛАН колледждин педагогикалык кеңешинин №5 4-февралдагы отурумунда талкууланып, бекитилди.



2025-жыл 29-январда Ош мамлекеттик университетинде коррупциялык тобокелчиликке каршы күрөшүү боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери, ректор Кудайберди Кожобеков жана ОшМУнун структура жетекчилери жана окутуучуларынын катышуусунда жыйын болду. Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин директору Ө.Т.Станбаев жана колледждин структура жетекчилери да аталган жыйынга катышышты.




2025-жыл 15-январда КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынынын Өзгөн райондук бөлүмчөсүнүн демилгеси боюнча, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, Өзгөн райондук прокуратурасы жана Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте жыйын уюштурулду. Ага Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин директоу Ө.Т.Станбаев да катышыты.