Медициналык колледждерде "Негизги билим берүү программаны" талкуулоо боюнча жумушчу чогулуш болду.

2017-01-25 16:51:23 388

24.01.2017-ж. ОшМУнун башкы корпусунун жыйындар залында медициналык колледждердин “Негизги билим берүү программасынын” (НББП) талкуулоо боюнча жумушчу чогулуш болуп өттү. Чогулушка ОшМУнун Оштогу жана Өзгөндөгү медициналык колледжинин жалпы профессордук-окутуучулук курамы жана Өзгөн аймактык ооруканасында иштеген бир нече стейкхолдерлер катышты. Чогулушту ЖОЖго чейинки даярдоо департаментинин директору Т.Эркебаев ачып берди. Чогулушта Өзгөн медициналык колледжинин директору Ө.Станбаев колледждерде даярдалып жаткан адистиктер боюнча НББПны талкуулоо үчүн жумушчу топко бөлүп, НББПнын максатын, окутуунун натыйжаларын жана окуу пландын структурасын, мазмунун талкуулоо боюнча иштешти. Жыйынтыгында НББПдагы кемчиликтер айтылып сунуштар берилип медициналык колледжде даярдалган НББПга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүүгө чоң өбөлгө түзүлдү. , , , , ,