Спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү

2018-10-13 09:41:26 1279

2018-жылдын 12-октябрында "Аймактарды өнүктүрүү" жылына карата ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде тайпалар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке жалпысынан 13 команда катышып, алдынкы оорунду ээлеген командалар диплом, медаль жана баалуу белектер менен дирекция жана жаштар комитети тарабынан сыйланды. Мелдеш жаштар жана спорт комитеттери тарабынан уюштурулуп, студенттердин сабактан кийинки бош убакытыларын пайдалуу жана ден соолугун чыңдоого, спорттун турлору боюнча мелдештерге катышууга,спорт менен достошууга үндөө болуп саналат.