Специальность Физическая терапия

Урматтуу абитуриенттер!

Медицина тармагында жакында “Физикалык терапия” кесиби ачыла турганын жарыялайбыз. Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясы тарабынан аталган адистикке кесиптик орто билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын түзүмүнүн негизинде пилоттук окуу планы түзүлүп, Саламаттык сактоо министрлигинин макулдугу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилип, ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде кадрларды даярдоо сунушталууда. Кийинки окуу жылынан тартып аталган адистикти окутуу башка медициналык колледждерде да жүргүзүлө баштайт.

Билим берүү тармагында «Физикалык терапия» адистиги социалдык чөйрөдө ийгиликтүү иштөөгө, физикалык реабилитация чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү жана реабилитациялоого өбөлгө түзөт.

1. Мындай адис кандай кызматтарды көрсөтөт дейсизби?

Кесиптик ишмердүүлүктүн түрлөрү жана милдеттери:

Уюштуруу жана диагностикалык иш-чаралар:

- кардардын функционалдык жана кыймыл аракетине комплекстүү баа берүү жана кардардын чөйрөсүнүн көйгөйлөрүн жана ресурстарын аныктоо;

- кийлигишүүнүн максаттарын аныктоо, кийлигишүү ыкмаларын, таасир этүүнүн физикалык ыкмаларын пландаштыруу жана тандоо, ошондой эле зарыл болгон көмөкчү каражаттарды жана жабдууларды тандоо жана адаптациялоо;

Социалдык жана реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү:

- активдүүлүктүн чектөөлөрүн жакшыртууга, компенсациялоого же алдын алууга багытталган физикалык реабилитацияны жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;

- алдын алуу жана сергек жашоо образын калыптандырууга багытталган иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кардарлардын арасында, анын ичинде техникалык каражаттардын жардамы менен өзүн-өзү тейлөө жана баарлашуу көндүмдөрүн калыптандыруу.

Социалдык маалымат жана окутуу кызматтарын көрсөтүү:

- кардарларга керектүү физикалык терапия ыкмаларын үйрөтүү, ошондой эле кардарга жардам берүү үчүн атайын жабдууларды кантип туура колдонуу керектиги жөнүндө кам көрүүчүлөргө маалымат берүү жана окутуу.

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы багуу боюнча ата-энелерге кеңеш берүү, ага жөнөкөй реабилитациялык/абилитациялык кызматтарды көрсөтүү;

- баланын/кардардын моторикасын өнүктүрүү боюнча кеңеш берүү.

2. «Физикалык терапия» адистигинин өзгөчөлүгү эмнеде?

9-класстын базасында 2 жыл 10 ай, 11-класстын базасында 1 жыл 10 ай. Адистикти аяктагандан кийин башка адистиктерге (акушердик иши, медициналык айым иши, дарылоо иши, фармация, ортопедиялык стоматология, стоматология профилактика) 2-курска кабыл алынат.

3. Адистикке тапшырууда жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыктары каралабы?

Толук орто билимге ээ 11-класстан кийин абитуриенттерге гана окуу жайга тапшырганга уруксат берилгендигине карабастан, бүгүнкү күндө колледжге окууга тапшыруу үчүн ЖРТ талап кылынбайт.

4. Медициналык колледжге тапшыруу үчүн кайсы предметтерден экзамен тапшыруу керек?

Ар бир колледждин талаптарына ылайык абитуриенттерди кабыл алуу ички экзамендердин негизинде жүргүзүлөт. Экзамен компьютердик же бланктык тестирлөө түрүндө биология предмети боюнча өтөт.

5. Аталган адистик боюнча окууну аяктагандан кийин кандай документ берилет?

Адистикти аяктагандан кийин колледждин бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү орто кесиптик билими тууралуу диплом берилет жана ага квалификация ыйгарылат.

6. Медициналык колледжди аяктагандан кийин ЖОЖго тапшырууга кандай мүмкүнчүлүктөр жана шарттар каралган?

Медициналык коллеждердин бүтүрүүчүлөрү жогорку медайымдык билим алуу үчүн ЖОЖго тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок башка факультеттерге өтүү үчүн ЖРТ тапшыруу зарыл. Тиешелүү балл алгандан кийин колледждин бүтүрүүчүсү ЖОЖго жалпы негизде өтөт.

7. Окууну аяктагандан кийин кайсыл жерлерде иштесе болот?

Окууну аяктагандан кийин адиске физикалык терапевттин жардамчысы квалификациясы ыйгарылат. Саламаттык сактоо мекемелеринин физиотерапиялык бөлүмүндө санаторияларда, курорттордо, клиникаларда, пансионаттарда, реабилитациялык борборлордо иштей алат.

8. Бүтүрүүчүлөр чет мамлекетке жумушка орношо алышабы?

Ошол өлкөнүн тиешелүү талаптарын аткарган учурларды (сертификация, окуу сааттарындагы айырмаларады тапшыруу, улуттук тилди билүү деңгээли боюнча экзамен тапшыруу ж.б) окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү чет өлкөгө жумушка орношо алышат. Бардык өлкөлөрдөн өз талаптары бар болгондуктан, алардын аткарылышы практикалык иш аткаруу үчүн уруксат алууга мүмкүндүк берет.