Круглый стол с работодателями

ОшМУнун Оштогу медициналык колледжи менен Өзгөн медициналык колледжинин НКББПнын жетекчилери бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясына тесттик суроолор жана билеттерди талкуулоо учуру
Медициналык колледждерде "Негизги билим берүү программаны" талкуулоо боюнча жумушчу чогулуш болду. 24.01.2017-ж. ОшМУнун башкы корпусунун жыйындар залында медициналык колледждердин “Негизги кесиптик билим берүү программасынын” (НКББП) талкуулоо боюнча жумушчу чогулуш болуп өттү. Чогулушка ОшМУнун Оштогу жана Өзгөндөгү медициналык колледжинин жалпы профессордук-окутуучулук курамы жана Өзгөн аймактык ооруканасында иштеген бир нече стейкхолдерлер катышты. Чогулушту ЖОЖго чейинки даярдоо департаментинин директору Т.Эркебаев ачып берди. Чогулушта Өзгөн медициналык колледжинин директору Ө.Станбаев колледждерде даярдалып жаткан адистиктер боюнча НКББПны талкуулоо үчүн жумушчу топко бөлүп, НКББПнын максатын, окутуунун натыйжаларын жана окуу пландын структурасын, мазмунун талкуулоо боюнча иштешти. Жыйынтыгында НКББПдагы кемчиликтер айтылып сунуштар берилип медициналык колледжде даярдалган НКББПга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүүгө чоң өбөлгө түзүлдү.