Ак калпак күнү белгиленди

2016-03-05 13:54:31 412

Бүгүн Өзгөн медициналык колледжинин окутуучулары жана студенттери менен бирге ак калпак күнү белгиленди. Ак калпак күнүнө карата Өзгөн шаарында жайгашкан башка окуу жайлары жана мектеп окуучулары менен колледждин башкы имаратынан баштап, райондук мамлекеттик администрациянын алдына чейин жүрүш болду. Жүрүш, алды жакка Өзгөн райондук авто инспекциясы, арка жакта ак калпакчан жигиттер жана ак жолукчан кыздар жана ат миңген жигиттер тизилип, Туу менен жүрдү. Жүрүштөн кийин Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдында салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Жыйында райондун акими, Өзгөн райондук эмгек миграция жана жаштар бөлүмүнүн башчысы, Өзгөн медициналык колледжинин директору жана башка мекеме уюмдардын башчылары өз куттуктоо сөздөрүн айтышты. Куттуктоолордон соң концерттик программа башталып, Өзгөн медициналык колледжинин студенттери жеке номерлери менен чыгышты. Бүгүнкү майрамды уюштуруунун максаты, жаштарыбыздын мекенчил, патриоттук сезимди, ынтымактыкты жана достукту жогору көтөрүү болуп эсептелди. Калпак жөнүндө. Калпак- кыргыздын улуттук эркек баш кийими. Көбүнчө кийизден жасалгандыктан ак калпак деп аталган. Ал алгач агыш (боз), кызгылт түстөгү кылчык, кийинак уяң жүндөн жасалган. Бышык басылган кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, астарсыз, бир гана тигиш мененбириктирилип, ошол жери маңдай жагы деген. Бара-бара бычымы менен формасы өркүндөтүлүпкөркөмдөлө баштаган. Калпак- кыргыздын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. 5-МАРТ - АК КАЛПАК КҮНҮ Карасам тиктеп алыстан, Калпагы окшош тоосуна. Кандай уз тикти болукен, Карегим түштү коозуна. Ошол уз эгер сен болсоң, Ой сулуу сага айтарым. Мага да бирди тигип бер, Кийейин кыргыз калпагын. Айылда, шаарда жүргөндө, Алганда кээде колума. Ардактап баккан мекеним, Ала-Тоо түшсүн оюма. - деп даанышман акын Байдылда Саргоноев кезегинде кыргыздын ак калпагы жөнүндө таамай ыр жазган. , , , , , , , ,