Өзгөлөргө өрнөк боло алган Өзгөн медициналык колледжи сиздер менен.

2016-10-22 18:12:00 456

“Берекелүү күз” аттуу жарманке экинчи ирээт жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, ага Өзгөн медициналык колледжинин 1-2-курсунун студенттери катышышты. Жарманкенин негизги максаты: Студенттерди эмгекчилдикке чакыруу. Колледжибиздин студенттерин бош убактыларын эмгек менен айкалыштыруу. Студенттерди коомдук терс көрүнүштөрдөн оолак кылуу. Тайпалар арасында студенттердин достугун чыңдоо. Жарманкеде Өзгөн районунда өстүрүлгөн мөмө-жемиштер, жер жемиштер, ошону менен катар дан азыктар дагы коюлду. Ар бир тайпадан экиден гана студент катышып, алар өздөрүнүн көргөзмөсүн, калыстан тобунун суроолоруна канааттандыраарлык деңгээлде коргой алышты. Анда, бир эле мөмө-жемиш менен чектелбестен, чыгармачылыкта өз орду бар экени көрүндү. Анткени өздөрү жасаган кол өнөрчүлүгү, дубал гезитинде кооз жаратылышты тартуулап, күз мезгилин берекелүү экендигин айгинелей алды. Иш чаранын жүрүшүндө дагы бир өзгөчөлүк тайпанын кыздарынын ыкчамдыгын текшерүү максатында салат жасоо конкурсу өткөрүлдү. Байгелүү 1-2-3-орундарды ээлеген тайпалар жана активдүү катышкан студенттер Өзгөн медициналык колледжинин директорунун диплому менен сыйланышты. Аталган иш чаранын негизги өзгөчөлүгү студенттердин активдүүлүгү, уюшумдуулугу, эмгекчилдиги менен жогорку деңгээлде өткөрүлдү. ,, , , , , , , , ,