“Кесиптик билим берүүдө компетенттүүлүк мамилеге ылайык окуу-методикалык документтерди иштеп чыгуу жана технологияларды пайдалануу” деген аталышта тренинг-семинар болуп өттү

2019-01-26 12:37:47 284

Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде “Кесиптик билим берүүдө компетенттүүлүк мамилеге ылайык окуу-методикалык документтерди иштеп чыгуу жана технологияларды пайдалануу” деген аталышта ОшМУнун Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин алкагында түзүлгөн “Агартуу академиясы” коомдук фонду тарабынан 36 сааттык тренинг-семинар болуп өттү. Тренинг- семинардын максаты: угуучуларды аракеттеги мамлекеттик билим берүү стандарты менен иштөөгө, компетенттүүлүк мамиледе окуу- методикалык документтерди жана заманбап сабактардын иштелмелерин түзүүгө даярдоо. Тренинг- семинарга колледждин жалпы профессордук –окутуучулар курамы окутууга кирген жаңы технологиялар боюнча маалымат алып, аны иш жүзүндө колдонууну үйрөнүштү. Тренинг-семинар кызыктуу темаларды камтыганы үчүн окутуучулар мыкты катышты.