Академиялык мобилдүүлүк боюнча Кыргызстандагы медициналык колледждердин директорлору менен өз ара келишимдерге кол коюлду

2019-01-26 13:57:38 274

25.01.2019-жылы Кыргызстандагы медициналык колледждеринин ассоциациясынын (КМКА) отуруму болуп өттү. КМКАнын 2018-жылы аткарылган иш чаралары жөнүндө ассоциациянын төрагасы Станбаев Өзгөнбай Тиллабаевич отчет берди. 2019-жылы аткарыла турган иш чаралар белгиленди. Жыйындын экинчи бөлүгүндө академиялык мобилдүүлүк боюнча Кыргызстандагы медициналык колледждердин директорлору өз ара келишимге кол коюшту. Бул тарыхый окуя ОшМУда өткөрүлүп, окутуучулар жана студенттерге өз ара тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү. Академиялык мобилдүлүктүн аткаруу процесси боюнча, ОшМУнун эл аралык мамилелер боюнча бөлүм башчысы к.ф.н.доцент Амиралиев Семетей Манасович кеңири маалымат берип, суроолоруна жооп берди. Бул иш чаранын экинчи бөлүгүн 29.01.19-жылда Бишкек шаарында Бишкек медициналык колледжинин базасында улантуу пландаштырылды.