Кыргызстандагы медициналык колледждердин ортосунда академиялык мобилдүүлүк боюнча өз ара келишимдерге кол коюнун экинчи этабы Бишкек шаарында өткөрүлдү.

2019-01-30 16:43:13 307

29-январда Бишкек шаарындагы Медико-фармацевтикалык колледжинин базасында Кыргызстандагы медициналык колледждеринин ассоциациясынын (КМКА) отуруму болуп өттү. Отурумга медициналык колледждердин директорлору жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин Адам ресурстары жана уюштуруу иши башкармалыгынын медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн башчысы Жусупбекова Нурида Эркинбековна катышып, куттуктоо сөзүн айтып, аткарылып жаткан иш-чарага ыраазычылык билдирип, бул иш-чара алдыда келе жаткан аккредитациянын негизги критерийлеринин бири экендигин баса белгиледи. Отурумда 2018-жылы аткарылган иш-чаралар жөнүндө маалыматтар айтылып, ассоциациянын төрагасы Өзгөнбай Станбаев жыйынтык отчетун берди. Ошондой эле 2019-жылы аткарыла турган иш-чаралардын мерчеми белгиленди. Жыйындын экинчи бөлүгүндө академиялык мобилдүүлүк боюнча Кыргызстандагы медициналык колледждердин директорлору өз ара келишимге кол коюшту. Келишимдерге ылайык мындан ары медициналык колледждердин окутуучулары жана студенттери тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк алышты. Жыйынтыгында семинардын катышуучулары Медико-фармацевтикалык колледждин материалдык – техникалык базасы менен таанышты. Бул иш-чаранын биринчи бөлүгү 25-январда Ош шаарында ОшМУнун медициналык колледжинин базасында өткөрүлгөн.