Жаңы күчүнө кирген Кодекстер жана мыйзамдар жөнүндө жыйын өткөрүлдү.

2019-02-05 17:10:14 327

Бүгүн Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс, андан тышкары "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар тууралуу жыйын өткөрүлдү. Кодекс жана мыйзамдар жөнүндө Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн, Өзгөн шаардык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери маалымат берди. Жыйынга колледждин окутуучулары жана студенттери катышып, жаңы мыйзамдар жөнүндө кызыккан суроолорго жооп алышты.