ОшМУнун 75 жылдык юбилейине карата Өзгөн медициналык колледжинде "Бекем үй-бүлө - Бекем мамлекет" аттуу жаштар талкуусу болуп өттү.

2014-09-19 13:38:25 210

Бүгүн, Өзгөн медициналык колледжинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы тарабынан, 24-сентябрь "Үй –бүлөө, тынчтык жана ынтымак" күнүнө карата, "2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө" жылына жана Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык юбилейине карата "Бекем үй-бүлөө - Бекем мамлекет" аттуу жаштар талкуусу болуп өттү. Талкууга Ош облустук казыяттан, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынан, Өзгөн райондук Эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгы, Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынан жана Райондук статистистика башкармалыгынын өкүлдөр келип сөзгө чыкты. Ошондой эле Өзгөн медициналык колледжинин окутуучулары, студенттери, Өзгөн технологиялык билим берүү институтунун студенттери жана Өзгөн шаарындагы мектептердин окуучулары келип катышты. Талкууга активдүү катышкан колледжин студенттери Мактоо баракчасы менен сыйланды.