Жумуш берүүчүлөр менен НКББП талкуулоо жыйыны болуп өттү.

2019-02-09 19:36:27 289

Бүгүн Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Өзгөн районунун саламаттыкты сатоо мекемелеринин жетекчилери, акимдин орун басары жана областтык саламаттыкты сактоо мекемелеринин кординаторун орун басарларын катышуусунда коллегиялык жыйын болуп өттү. Коллегиялык жыйында Өзгөн районунун саламаттыкты сактоо мекемелеринин кординатору Б.А Мамасадыкова отчет берди. Жыйындын экинчи бөлүгүндө Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин директору О.Т.Станбаев колледжде даярдалып жаткан кадрлардын НКББПсы жөнүндө маалымат берип, орто медициналык билимдүү кадрларды даярдоодо жумуш берүүчүлөр сунуш пикирлери билдирилди. Колледждин бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыздоо боюнча маселелер талкууланып, анкетирлөө жүргүзүлдү.