Ата-энелер жана окутуучулардын катышуусунда жыйын болуп өттү.

2019-02-15 16:06:47 379

Бүгүн Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин бекитилген иш планына ылайык студенттердин ата-энелери жана окутуучулардын катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйынга бардык студенттердин ата-энелери чакырылып, көз карандысыз аккредитециядан өтүүгө даярдыктар, адистиктерди НКББПсы, ОшМУнун миссиясы, багыттардын максаттары, күтүлүүчү натыйжалары, ОшМУнун 2019-2024-жылдардагы өнүгүү концепциясы жана электрондук башкаруу системасы жөнүндө доклад жасалып, колледждин келечектеги өнүгүү стратегиялык пландары талкууланды. Жарыш сөздө ата-энелердин сунуш пикирлери айтылып, ата-энелер комитетинин мүчөлөрүнө өзгөрүүлөр киргизилди. Жыйынтыгында алдыдагы иш аракеттердин аткарылышын белгилеп, ата-энелерден интервью жана анкета алынды.