Мамлекеттик туу күнү белгиленди

2019-03-04 19:34:41 275

02.03.2019-жыл ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде 3-март Мамлекетик туу күнүнүн 27-жылдыгы белгиленди. Аземге коледдждин жалпы окутуучулары жана студенттери катышып, Мамлекеттик туу жөнүндө доклад жасалды. Туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Авторлук жамаат: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.