Ак калпак күнү белгиденди

2019-03-05 19:36:28 303

Бүгүн, 5-мартта Өзгөн районунда Ак калпак күнү белгиленип, салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду. Жаштар жөө жүрүшкө чыгып мекеме-ишканалардын жетекчилери, Улуттук гвардиянын Өзгөн районундагы аскерлери, Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери катышып, улуттук баш кийимди даңазалашты Иш-чаранын жүрүшүндө райондун акими Бактыбек Алайчиев мамлекеттик туу Кыргызстандын негизги символу экенин, өсүп келе жаткан жаштар дайыма желекти бийик көтөрүүсү керектигин белгиледи. Ошондой эле ак калпак кыргыздардын негизги улуттук баалуулуктарынын бири экендигин айтып, катышуучуларды дайыма калпак кийип жүрүүгө чакырды.