Ишембилик өткөрүлдү

2019-03-16 21:00:26 450

Бүгүн Кыргызстандын жер-жерлеринде өткөрүлгөн ишембиликте Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери да активдүүлүгүн көрсөттү. Көчөлөрдү тазалоо, санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, кɵрктɵндүрүү максатында колледждин окуу имаратын ичи, кабиеттер, аудиториялар, терезелер, колледждин айланасы тазаланды. Колледждин айланасына 20 түп арча, 7 түп ак кайын, 40 түп атыргүл эгилди. Жол четиндеги арыктар тазаланып, дарктар акталды. Райондук деңгээлде өткөрүлгөн Жазы айыл аймагындагы ишембиликке 5 чакырымдай жолдо тазалоо иштерин жүргүздү.