Аккредитация ийгиликтүү аяктады.

2019-04-03 20:02:09 332

2019-жылдын 25-26- март күндөрү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжи Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО) тарабынан, 4 программа боюнча көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өттү. Колледждин окуу процесси, материалдык – техникалык базасы эл аралык талаптарга жооп берүүсү текшерилип, окутуучулар, студенттер, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр, жумуш берүүчүлөр менен интервьюлар өткөрүлдү. Белгилеп кетүүчү нерсе Жогорку Кеңештин депутаты Каримов Нодирбек Тохтасинович окуу жайга келип, интерьюга катышып, колледждин өнүгүүсү жөнүндө жакшы ой-пикирлерин билдирди.