“Инновациялык санариптик технологияларды колдонуу менен билим берүү ишмердигин уюштуруу” окуу семинары болуп өттү

2019-04-03 20:14:12 336

2019-жылдын 27-мартында Саламаттык сактоо министрлигинин 20.03.2019-ж. №184-көрсөтмөсүнүн негизинде “Инновациялык санариптик технологияларды колдонуу менен билим берүү ишмердигин уюштуруу” окуу семинары болуп өттү. Семинар ОшМУнун базасында өткөрүлүп, Кыргызстандын медициналык колледжинин директорлору жана программисттери катышты. Семинарда ОшМУнун адистери тарабынан “Заманбап санариптик билим берүү чөйрөсүн уюштурууга болгон талаптар жана келечектеги перспективалар”, “Маалыматтык-коммуникациялык инфраструктура жана жаңы мүмкүнчүлүктөр. Интернет, дата-центр, булуттук технология, корпоративдик почта, видео-конференция, электрондук китепкана, антиплагиат, AVN ИСнын программалары жана отчеттору менен иштөө, электрондук иш кагаздарды жүргүзүү” ж.б. презентациялар көрсөтүлдү. Жыйындын экинчи бөлүгү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде уланып, интерактивдүү инновациялык колдонмолор жеринде көрсөтүлдү.