Аймактык олимпиадага Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери активдүү катышып келди

2019-04-20 12:10:51 273

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата 2019-жылдын 19-апрель күнү ОшМУнун медициналык колледжинде Кыргызтандын түштүк аймагында жайгашкан медициналык колледждердеги студенттер аралык предметтик аймактык олимпиадага Өзгөн эл аралык медициналык колледжинен 4 студент активдүү катышып келди. Катышуучулардын арасынан 1 студент 3-орунду ээлеп, калган катышуучулар баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланды. Студенттерди олимпиадага даярдаган окутуучуларга жана катышкан студенттерге колледждин жамааты тарабынан терең ыразычылык билдирип, куттукташат.