«Түрк дүйнөсүнүн табигый илимдер жана медицина боюнча I эл аралык конгресси»не келген делегация Өзгөн шаарында

2019-04-22 16:39:17 323

2019-жылдын 21-апрель күнү «Түрк дүйнөсүнүн табигый илимдер жана медицина боюнча I эл аралык конгрессине» Туркия, Өзбекистан, Азербайджан Россия, Европа жана башка өлкөлөрдөн келген делегация байыркы Караханиддердин борбору болгон Өзгөн шаарына келишти. Шаардын борборунда жайгашкан үч күмбөз, мунара жана Имам Сарахсидин күмбөзүн зиярат кылышып, Өзгөн эл аралык медициналык колледжи менен жакындан таанышышты.