Медициналык колледждердин ортосунда мобилдүүлүк күч алууда

2019-04-23 15:58:10 291

Кыргызстандагы медициналык колледждер арасында академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында Өзгөн эл аралык медициналык колледжинен 3 студент Жалал-Абад медициналык колледжине, 2 студент Бишкек шаарында жайгашкан Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун (ИСИТО) медициналык колледжине, 1 студент Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжине, 1 студент Кызыл-Кыя медициналык колледжине 2019-жылдын 22-апрелинен 11-майына чейин мобилдүүлүккө жөнөтүлдү.