23-февраль Ата-мекенди коргоо күнүнө карата аскердик бөлүккө экскурсия уюштурулду

2020-02-22 14:55:42 268

2020-жылдын 22-февраль күнү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин 1-курсунун студенттери учун, салтка айланып калган Өзгөн районунун Мырза-аке айылында жайгашкан аскердик бөлүккө экскурсияга уюштурулду. Экскурсияда аскердик бөлүктө жайгашкан аскердик казарма, аскердик китеп каана, санитардык бөлүк, ашкана, аскер техникалары жана куралдар менен таанышып студенттер өздөрү да куралдарды кураштырып көрүштү. Иш-чаранын максаты студенттерди мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка тарбиялоо болуп саналат.