Малекеттик туу күнү белгиленди

2020-03-03 17:43:49 254

Бүгүн ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде 3-март Мамлекетик Туу күнүнүн 28-жылдыгы белгиленди. Аземге колледждин жалпы окутуучулары жана студенттери катышып, Мамлекеттик туу жөнүндө доклад жасалды. Туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Авторлук жамаат: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн, тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун ээни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун ээнинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.