ӨМК: 5-март “Ак калпак” күнү белгиленди.

2015-03-05 18:18:37 217

Бүгүн 3-март Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик Туу” жана 5-март “Ак калпак” күнү белгиленди. Майрамдык кечеге Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү, Өзгөн райондук мамлекеттик авто инспекциясы, Өзгөн райондук эмгек миграция жана жаштар бөлүмү, Өзгөн райондук маданият үйү, Өзгөн шаардык мэриясы, Өзгөн медициналык колледжи, Өзгөн технология жана билим берүү институту катышты. Майрам, Өзгөн технология жана билим берүү институтунун башкы корпусунан, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына чейин жүрүш менен башталды. Жүрүш, алды жакка ат мингендер, арка жакта ак калпакчан жигиттер жана ак жолукчан кыздар тизилип, Туу менен Өзгөн райондук авто инспекциясынын, солдаттардын коштоосунда болду. Жүрүштөн кийин Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдында салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Жыйында райондун акими, Өзгөн райондук эмгек миграция жана жаштар бөлүмүнүн башчысы, Өзгөн медициналык колледжинин директору жана башка мекеме уюмдардын башчылары өз куттуктоо сөздөрүн айтышты. Куттуктоолордон соң концерттик программа башталып, Өзгөн медициналык колледжинин студенттери жеке номерлери менен чыгышты. Бүгүнкү майрамды уюштуруунун максаты, жаштарыбыздын мекенчил, патриоттук сезимди, ынтымактыкты жана достукту жогору көтөрүү болуп эсептелди. , , , , , ,