ӨМК: 8-март Эл аралык аялдар күнү белгиленди

2015-03-07 16:07:00 228

Бүгүн 8-март Эл аралык аялдар күнүнө карата Өзгөн медициналык колледжинде “Сулуулар конкурсу” өткөрүлдү. Сынак төрт турдан туруп саламдашуу, кечки стил, акыл карачач, таланттуу пери аттуу турлардан турду. Сынакта он бир пери катышып төрт номинация боюнча мелдешти. Жыйынтыгында “Ажарлүү пери” номинациясы менен Шарипова Күмүшай, “Таланттуу пери” номинациясы менен Тагаева Кымбат, “Акыл карачач” номинациясы менен Камчыбек кызы Ширинбү, ал эми “Өзгөн медициналык колледжинин периси” болуп Анарбаева Айдана табылды. Уюштуруу тарабынан 5000 сомдон ашык баалуу сыйлыктар ыйгарылды. Ошондой эле колледждин айымдарын куттуктап Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жаштар комитетинин төрагасы, Өзгөн шаарынын мэриясынан бир өкүл кетип куттуктады. 8-март Эл аралык майрамына карата көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн окутуучулар Абдугапирова Майрамкан, Султанова Сажида Өзгөн шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен жана Каримова Ибодат, Умаркулова Джамал акчалай сыйлыгы менен сыйланышты, Студенттердин арасынан Жамшит кызы Айзат, Размагамед кызы Гулзинат, Исабаева Ырысгул Айтмарековна, Абдыкадырова Гулзада Сыргабековна Өзгөн шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.