Конок лекция уюштурулду

2021-10-01 16:11:12 411

Академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында өнөктөш медициналык колледждер менен түзүлгөн келишимдердин негизинде Өзгөн эл аралык медициналык колледжи жана Нарын медициналык колледжинин окутуучулары ортосунда ички мобилдүүлүк боюнча тажрыйба алмашуу болуп өттү. Бүгүн Нарын медициналык колледжинин, жугушту оорулар предметинин окутуучусу Орозова Айнур Токтосуновна "Менингит" темасында колледжибиздин "Акушердик иши" адистигинин 3-курсунун студенттерине аралыктан лекция окуп берди. Катышуучулар иш-чара абдан кызыктуу, жемиштүү болуп, лекциядан көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алышкандыгын билдиришти.