Мобилдүүлүк боюнча конок лекциялар уланууда

2021-10-09 09:47:36 366

2021-жылдын 8-октябрь күнү Саламаттыкты сактоонун мыктысы, жогорку даражадагы врач-терапевт, Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин терапия предметинин окутуучусу Аильчинова Назира Уркумбаевна үзүрлүү эмгегин, кесиптик багытта жетишкен ийгиликтерин келечектеги жаш адистерге жайылтуу максатында Нарын медициналык колледжинин "Акушердик иши" адистигинин 2-курсунун студенттерине "Бронхиальная астма" деген темада онлайн лекция окуп берди. Аталган конок лекция суроо жооп менен коштолуп, студенттерге чыныгы практик адис менен маектешүүсүнө өбөлгө түзүлдү.