Конок лекция

2021-10-16 13:19:50 304

2021-жылдын 15-октябрында тажрыйба алмашуу жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатта Нарын, Токмок, Каракол жана Өзгөн эл аралык медициналык колледждеринин "Медициналык айым иши" адистигинин 1-курсунун студенттеринин арасында онлайн конок лекция уюштурулду. Лектор: Чукукова Чынара Эдиловна Нарын медициналык колледжинин №2-клиникалык кошундун медайым ишинин негиздери предметинин окутуучусу "Термометрия" деген темада Zoom платформасы аркылуу лекция окуп берди. Лекция кызыктуу ыкмалар менен айкалышып, студенттерибиз үчүн бир топ маанилүү болду.