КИЖСга (СПИД) карата тегерек стол уюштурулду.

2021-12-01 18:34:52 379

1-декабрь бүткүл дүйнөлүк КИЖСга (СПИД) каршы күрөшүү күнүнө карата Өзгүн эл аралык медициналык колледжинде тегерек стол уюштурулду. Тегерек столго Өзгөн райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан, Өзгөн жалпы дарыгердик практикалык борборунан жана ден-соолукту чыңдоо кабинетинен адистер келип катышты.