Кышкы практиканы жыйынтыктоочу конференция.

2022-02-19 15:42:27 239

Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин "Акушердик иши" жана "Сестралык иши" адистиктеринин 2-курстарга 2021-2022-окуу жылындагы кышкы практиканы жыйынтыктоочу конференция болду. Практика алдында жарыяланган "Кесипке кадам" деген темадагы студенттердин презентация-жарышынын жыйынтыгы чыгарылып, студенттердин иш үстүндө көз ирмемдери тартылган сүрөттөрдү директордун окуу иштери боюнча орун басары Г.Сулайманова, практика жетекчиси Н.Арыкова, окутуучулар Д.Какраева, А.Тойгелди кызы жана практика методисти Г.Кошатованын тарабынан бааланды. Конференциянын жүрүшүндө студенттер практикадагы аткарган иштери менен бөлүшүп, сунуштарын айтып талкуулашты.