Студенттерди адистикке калыптандырууда жогорку окуу жай менен өндүрүштүн ролу

2022-02-19 15:55:15 233

2022-жылдын 17-февралында ОшМУнун "Акбуура" кампусунда  "Студенттерди адистикке калыптандырууда жогорку окуу жай менен өндүрүштүн ролу" аттуу конференция болуп өттү.  Конференцияны ОшМУнун Өндүрүштүк практика бөлүмү уюштуруп, Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин практика жетекчиси Арыкова Нуржамал "Квалификация алуу алдындагы практика" темасында доклад окууду. Докладда ар бир адистиктин квалификация алдындагы практиканын максаты, окуу планындагы орду жана калыптандырган компетенциясы боюнча кеңири маалымат берди. Дарылоо жана профилактикалык мекемелерден, дарыканалардан чакырылган стейкхолдерлер сөзгө чыгып, медицинадагы жана дарыканаалардагы студенттердин практика өтөөдөгү жетишкендиктери жана көйгөйлөрү боюнча өз ойлорун билдирип, сунуштарын айтышты. Адистиктердин окуу программаларын дарылоо мекемелери менен биргеликте карап чыгып, көбүрөөк практикага басым жасоону сунушташты. Конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.  Конференцияда ОшМУ менен тыгыз байланышта эмгектенген дарылоо мекемелерине "Ыраазычылык баракчасы" тапшырылды.