8-март Аялдардын Эл аралык майрамы

2022-03-04 23:30:35 323

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайда көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн, тажрыйбасын университетке арнап келе жаткан ардагер эжекелерди куттуктады. Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин сыймыктуу окутуучулары: КРнын Саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген дарыгер Хамидова Абида Хамидовна, КРнын саламаттык сактоосунун мыктысы Аильчинова Назира Уркумбаевна жана КРнын президентинин Ардак Грамотасынын ээси Умаркулова Жамал Ибраимовна эжекелер ректордун сыйлуу белектери менен сыйланды.