КРнын Туу күнү

2022-03-04 23:56:09 193

3-мартта Өзгөн шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү белгиленди. Мамлекеттик туу күнүнө карата салтанаттуу иш-чарага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын, күч органдарынын, мекеме-уюмдардын, жергиликтүү бийликтин жетекчилери, кызматкерлери катышышты. Мамлекеттик ТУУну желбиретип, суверендүү мамлекет экендигибизди даңазалап, атчан жоокерлер шаардын борбордук көчөлөрүндө салттуу жүрүштөн(парад) өтүштү. Өзгөн шаарынын Борбордук аянтына Мамлекеттик ТУУ салтанаттуу көтөрүлдү. Өзгөн районунун акими Мурат Раматов Кыргызстандыктарды жана Өзгөн районунун калкын бүгүнкү майрам менен куттуктап, Мамлекеттик туу дайыма желбиреп, мамлекетибиз дайыма өнүгүү жолунда жүрүшүн каалады. Иш чараны өткөрүүгө жооптуулардын бири болуп Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин директордун тарбия иштери боюнча орун басары Каримбаев Элназар Сагыналиевич бекитилген. Аталган иш чарага ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери да катышты. Мамлекеттик туу 1992-жылы 3-март күнү Кыргыз республикасынын Жогорку Совети тарабынан кабыл алынган. Кылымдардан бери ата бабабыз сактап келе жаткан мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн символу болгон мамлекеттик желегибиз ар дайым эркиндикти даңазалап, желбиреп турсун!