Жумуш ордундагы Харасмент-зомбулуктун бир түрү

2022-03-05 00:06:05 246

2022-жылдын 25-26-февраль күндөрү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын конференция залында ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери үчүн 2 күндүк инфосессия өткөрүлдү. "Ордолуу Мырзаке" коомдук бирикмесинин жетекчиси Нышанов Кубаныч агай Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Сагынбаева Уулкан эжеке менен биргеликте "Жумуш ордундагы Харасмент-зомбулуктун бир түрү" аттуу инфосессия өткөрдү. Студенттер активдүү катышып, өз ойлору менен бөлүшүп, талкуулашты.