Мырза-аке айылында жайгашкан 75665 аскер бөлүгүндө ачык эшик күнү

2022-03-11 23:58:02 291

2022-жылдын 11-март күнү Өзгөн районунун Мырза-аке айылында жайгашкан 75665 аскер бөлүгүндө ачык эшик күнү өткөрүлду. Аскердик бөлүко ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин 1-2-курсунда билим алган студенттер катышып аскердик бөлүк менен таанышып чыгышты. Студенттер аскер техникалары, казарма, ашкана, машыгуу залы, санитардык бөлүк жана аскер куралдары менен жакындан таанышып чыгышты. Кызыккан суроолоруна жоопторду ала алышты. Студенттер аскердик бөлүктө өткөрүлгөн оюндарда мыктылыгын көрсөтүшүп, диплом менен сыйланып кайтышты.