Кургак учук айыгат

2022-03-16 10:50:27 235

24-март эл аралык "КУРГАК УЧУК" оорусуна каршы күрөшү күнүнө карата 15-март күнү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери үчүн "КУРГАК УЧУК" айыгат аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кургак учук оорусу тууралуу маалыматтар, статистикалар жана ооруну кантип алдын алуу болоорун жана кантип туура дарылануу боюнча маалыматтар берилди. Иш чаранын жүрүшүндө студенттер темага карата суроолорду беришип, жоопторду ала алышты. Жыйынтыгында кургак учук оорусу жана анын алдын алуу боюнча актуалдуу маалыматтарга ээ болушту. Иш-чараны Өзгөн райондук Дарыгерлердин практика борборуна караштуу Ден-соолукту чыңдоо кабинетинин кызматкерлери тарабынан уюштурулуп өткөрдү.