Нооруз - көктөм майрамы.

2022-03-19 23:22:36 406

Бүгүн 2022-жыл 19-март күнү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде «21-март Эл аралык Нооруз» майрамына карата "Нооруз көктөм майрамы" аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык иш чарада тайпалар арасында конкурс уюштурулуп, студенттер өздөрүнүн таланттарын жана чыгармачылык өнөрлөрүн көрсөтүштү. Кыргыздын каада салттарын чагылдырган сахналык көрүнүштөр, жандуу ыр-бийлер, акыйнек айтышуу жана улуттук оюндар тартууланды. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө колледждин студенттери тарабынан улуттук тамак аштардын көргөзмөсү уюштурулуп, илгертен ата-бабыздан калган тамак-аштан тартып учурдагы улуттук ашканабыздагы тамак-аштын түрлөрү жарманкеге коюлган. Улуттук тамак аштар, каада салттарды көрсөтүү боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, тайпалар ар түрдүү номинациядагы дипломдор менен сыйланышты.