ОшМУнун акыйкатчысы ӨЭАМКда

2022-04-01 10:56:09 171

ОшМУнун акыйкатчысы Жумабай уулу Бектурсун жана анын курамы Өзгөн эл аралык медициналык колледжине иш сапары менен келишип, студенттер менен жолугушуусу өткөрүштү. Жолугушуу колледждин эки окуу корпустарында тең өткөрүлдү. Жолугушуу учурунда студентттерге ОшМУ тууралуу маалымат беришип, студенттердин суроолоруна жооп беришти. Студенттердин укуктары жана милдеттери жөнүндө кызыкуу талкуу жүрдү. Иш чаранын экинчи бөлүгүндө биринчи курстар арасында Брейн-ринг акыл таймашы өткөрүлүп, 4 команда катышты. Акыл таймаш 4 этаптан туруп, ар бир бөлүк 10 суроону камтыды. Берилген суроолорго кыска убакыттын ичинде жооп беришип, студенттер өздөрүнүн билим деңгээлин жана шамдагайлыгын көрсөтө алышты. Жыйынтыгында 1-орунду 1СД-1-21 тайпасы, 2-орунду 1фарм-2-21 тайпасы, 3-орунду 1фарм-1-21 тайпасы ээ болушту жана ОшМУнун дипломдору менен сыйланышты. Ал эми мыкты команда жана мыкты капитан экендигин тастыктаган 1АД-1-21 тайпасы башкы байгени жеңип алды. Иш-чаранын соңунда ОшМУнун акыйкатчысы жана курамы Өзгөндүн тарыхый жерлерин зыярат кылышты.