“Жашыл мурас” улуттук иш-чарасы

2022-04-24 18:14:32 181

16-апрелде “Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын” алкагындагы “Жашыл мурас” улуттук иш-чарасын өттү. Иш-чарага ОшМУнун ректору К. Кожобеков баштаган ректорат жамааты катышып, окуу жана илим изилдөө процесстерин өндүрүш жана бизнес менен айкалыштыруу, студенттик стартаптарды окуу жай дайыма колдой тургандыгын белгиледи. ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин география жана туризм багыттарынын студенттери жана окутуучулар жамааты Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы 2017-жылы жер сүрүлүү жүргөн жерге 200 түп дарак көчөттөрүн отургузуп, жаңгак уруктарын ташташты. Аталган иш чарага Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окутуучулары Муратов Искандер, Каримбаев Элназар жана студенттери активдүү катышышты.