Өзгөн Эл аралык медициналык колледжи пилоттук программада.

2022-04-24 18:34:21 196

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” улуттук программасын жана 2019-2023-жылдарга медайымдык билим берүүнү өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана медайым адистеринин ролун жогорулатуу максатында орто кесиптик билим берүүдөгү “Медициналык айым иши” адистиги боюнча эксперименталдык программаны киргизүү жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 19-апрелдеги №484 буйругу чыкты. Эске сала кетсек Өзгөн эл аралык медициналык колледжи "Медициналык айым иши" адистиги боюнча эксперименталдык окуу программасы боюнча бекитилген пилоттук 4 колледжин бири. Буйрукка ылайык 2022-жылдан жаңы окуу жылынан тартып, колледж аталган программа боюнча абутуриенттерди кабыл алат. “Медициналык айым иши” адистиги боюнча эксперименталдык программа Кыргызстандагы медайымдык билим берүүнү реформалоо MER проектинин колдоосу менен ишке ашырылууда.