MER долбоорунун өкүлдөрү Өзгөн Эл аралык медициналык колледжинде.

2022-04-24 18:54:37 260

2022-жылдын 23-апрелинде Өзгөн Эл аралык медициналык колледжинде MER долбоорунун директору профессор Бруно Лаб, долбоордун жергиликтүү командасынын жетекчиси Орозалиева Гүлзат Сабырбековна, профессионалдык ассоциациялардын потенциалын жогорулатуу боюнча долбоордун координатору Азимова Айгуль Асанбаевна, медайымдык билим берүү боюнча долбоордун координатору Мамбетова Алтынай Касымбековна менен жолугушуу болду. Сапардын программасына ылайык, ӨЭАМКнин тарыхы, материалдык техникалык базасы жана AVN МС боюнча маалымат берилип, тараптар медайымдык билим берүүнү реформалоонун актуалдуу маселелерин жана этаптарын талкуулашты, клиникалык базалар жана клиникалык насаатчылар менен таанышышты. Медайымдык иш боюнча пилоттук даярдоо программасын ишке ашыруунун негизги этаптары аныкталды. Профессор Бруно Лаб эксперименталдык окуу программага материалдык техникалык база дал келерин жана окуу процессин жургузуго шарттар бар экенин белгиледи.