Профессор д-р Бригита Скела-Савич ӨЭАМКде

2022-05-13 10:08:21 333

2022-жылдын 12-майда Өзгөн Эл аралык медициналык колледжине MER долбоорунун эксперти профессор д-р Бригита Скела-Савич, Медайымдык билим берүү боюнча долбоордун координатору Мамбетова Алтынай Касымбековна, медициналык колледждердин директорлору жана ОшМУнун ЖОЖго чеийнки жана орто кесиптик билим берүү боюнча проректору Эркебаев Тажимамат Кудайбердиевич иш сапары менен келишти. Иш чаранын программасына ылайык, ӨЭАМКнин материалдык-техникалык жана клиникалык базалары, клиникалык насаатчылар жана колледждеги окуу процесси менен таанышышты. Медайымдык иши адистиги боюнча эксперименталдык программаны ишке ашырууга түзүлгөн шарттар каралды. Профессор д-р Бригита Скела-Савич эксперименталдык окуу программага материалдык техникалык база дал келерин жана окуу процессин жургузуго ӨЭАМКнин толук мүмкүнчүлүгү бар экенин баса белгилеп, клиникалык насаатчылар жана окутуучулар үчүн семина-тренерлер уштурууларын маалымдады. Бригита Скела Савик профессор, илимий кеңешчи (PhD, MPhil, BA, RN) Факультеттин биринчи деканы (2006–2017), Анджела Боскин атындагы ден соолукту изилдөө институтунун жетекчиси, Медицина илимдери кафедрасынын башчысы жана Медайым факультетинин деканы.