АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ 2022

2022-06-24 10:58:44 205

ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде бүтүрүүчүлөрдү узатуу майрамдык иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага окуу жайыбыздын жетекчилиги, окутуучулары, студенттери, ата-энелер жана коноктор катышты. Иш-чараны жүрүшүндө окуу жайыбыздын жетекчиси Өзгөнбай Станбаев колледжди бүтүп жаткан студенттерге каало тилектерди айтып өз кесибин мыкты билген кадрлар болуусун каалап өттү. Андан соң Окуунун мыктылары, коомдук маданий спорттук иш-чараларга активдүү катышкан студенттер окуу жайыбыздын диплом жана грамоталары менен сыйланды. Иш-чаранын соңунда студенттер үчүн бий кечеси өткөрүлдү.