Өзгөн Шаардык кеңешинин төрагасы жаштарды куттуктады

2022-11-15 23:17:19 245

10-ноябрь Буткул Дуйнолук жаштар күнүнө жана 17-ноябрь Буткул Дуйнолук студенттер күнүнө карата ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери Өзгөн Шаардык кеңешинин төрагасынын кабыл алуусунда болушту. Жолугушууда шаардык кеңештин төрагасы Хасанов Арслан жаштарга окууларына ийгилик каалап, келечекте мыкты кадр болуусун каалап өттү. Иш чаранын жүрүшүндө студенттерге ыраазычылык кат жана белектерди тапшырып, аларды майрамы менен куттуктады.