2023-05-06 07:26:51 212

2023-жылы 5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде белгиленди. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 21 “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандагынын 30 жылдыгынын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында жана КРнын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин иш планы түзүлүп, ага ылайык бир нече иш-чаралар өткөрүлдү. 2-майда колледжде салтанаттту жыйын өткөрүлүп, КРнын Конституциясы боюнча директордун тарбия иштери боюнча орун басары Э.С.Каримбаев маалымат берди жана иш план менен тааныштырды. Иш планга ылайык студенттер арасында “КРнын Конституциясы мамлекеттин эгемендигин жана өзүнчөлүгүн көрсөтүп турат” темасында дил баян жызылды, куратордук сааттарда Конституция жөнүндө лекциялар өтүлдү, 4-майда окуу жайыбыздын окутуучалыры, студенттери жана КРнын Юстиция минстрлигине карашту Юридикалык жардам кызматыныны Өзгөн райондук башкармалыгынын координатору Бакиров Урматбек Жумалиевичтин катышуусунда 5-май КРнын Конституциянын кабыл алынгандыгын 30 жылдыгына арналып конфереция уюштурулду.